Тарых жана Ата-бабаларды эскертүү күндөрү менен куттуктайбыз!
7-8-ноябрь күндөрү өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскертүү күндөрү белгиленет. Адамзат тарыхында биз өткөн тарыхыбызга ар дайым маани берип келгенбиз. Бул өзгөчө мезгилде биз өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн маанилүү болгон окуяларды эстейбиз, ата-бабаларыбыздын жана Кыргыз Республикасынын бүгүнкү гүлдөп-өнүгүшүнө негиз түзүүгө жана эгемендүүлүгүн бекемдөөгө салым кошкон ар бир адамдын элесин урматтайбыз.
Кыргызстан өзүнүн эркиндикке, эгемендүүлүккө жетүү жолунда көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү, тарыхыбызды билүү менен гана туура сабак алсак болот. Андыктан, бул Тарых жана Ата-бабаларды эскертүү күндөрүндө биз өткөнгө кайрылып, келечекке көз салабыз. Биз үчүн ата-бабаларды урматтоо тарых алдындагы ыйык парз.
Ар бириңиздерди Тарых күнү жана Ата-бабаларды эскертүү күнү менен куттуктайбыз! Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсун!
Комментарии