Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата «Ала-Тоодон ааламга үн салган – Айтматов» аттуу эскерүү кечеси
Эскерүү кечеси 2023-жылдын 11-декабрында №28 мектеп-лицейинин актовый залында өткөрүлдү. Иш-чарага сыйлуу конок катары коомдук ишмер, жазуучу, физика-математика илимдеринин кандидаты Роза Төрөкуловна Айтматова, кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Жусуп Турусбековдун небереси Даниярова Асель Санжарбековна, Асеналханов Данияр Асеналханович чакырылды.
Мектептин кире беришинен тарта иш-чара өтө турчу залга чейин Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде биринчи кабаттагы жандуу эстеликтер: “Ак кеме” (кыргыз тилинде), “Биринчи мугалим” (англис тилинде), “Атадан калган туяк” ( орус тилинде), “Эрте келген турналар” (англис тилинде), “Саманчынын жолу” ( орус тилинде), “Кыямат” (кыргыз тилинде). Экинчи кабаттагы жандуу эстеликтер: ”Кылым карытаар бир күн” (кыргыз тилинде), “ Тоолор кулаганда” ( орус тилинде), “Бетме-бет” (англис тилинде), “Кызыл алма” (кыргыз тилинде), ”Жамиля” (англис тилинде), “Чынгыз хандын ак булуту” ( орус тилинде).
Ал эми актовый залда Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган китептердин, буклеттердин көргөзмөсү уюштурулду. Китепкананын жанында сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын гимнин окуучулар аткарышты. Эскерүү кечесин мектеп директору Кожогулова Назгуль Мусаевна ачып берди. Андан соң 11-класстын окуучулары кыргыз бийин бийлешсе, 5-класстын окуучусу Каныбеков Темирлан “Чыңгыз ата” ырын аткарды.
Андан сырткары кыргыз тили мугалими Батырканова Н. Т. “Залкардын залкар уулу” аталышындагы баяндамасын окуп, Роза Айтматова менен чакан маек курду.
Окуучулардын аткаруусунда С.Бейшекеевдин «Махабат сыры» ырынын негизинде музыкалык композиция коюлду. Ага катар эле орус тили мугалими Асанова А.А. “Биз эскерип күтөбүз” аттуу баяндамасын окуду.
Андан соң мектептин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү 3 тилде (кыргыз, англис, орус) айтышты.
Иш-чаранын аягында келген конокторго куттуктоо сөз берилди жана 11-в класстын окуучусу Аскарбекова Ясмина Ч.Айтматовдун сөзүнө жазылган “Ысык-Көлдү сагынуу” ыры менен жыйынтыкталды.
Комментарии