№28 орто жалпы билим берүү мектеп-лицейинин окуучуларынын Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине баруусу
2023-жылдын 24-ноябрында 10- а,б,в, класстарынын окуучулары класс жетекчилери менен (Р.Д.Ибраимова, Г.М.Ибраимова, Д.А.Мажитова) Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып келишти. “Ата-Бейит” комплексине баруунун негизги максаттары: жаштардын жарандык жана тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, тарыхый эс тутумду сактоого жана маданий-агартуучулук иштери аркылуу муундардын байланышын жакындаштырууга көмөк көрсөтүү; тарыхый жана жарандык аң-сезимди калыптандыруу үчүн маданий-агартуучулук иштерди жүргүзүү.
“Ата-Бейит” комплексинин аймагынын жалпы аянты 3,087 гектарды түзөт. “Ата-Бейит” комплексинин курамына төмөнкүлөр кирет:скульптуралык композициялар; 1937-1938-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына эстелик-мемориал;.Т.Айтматовдун эстелиги жана көрүстөн үстүндөгү курулмасы; 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган музей; 2010-жылдагы апрель окуяларынын курмандыктарына эстелик-мемориал.
Комментарии