Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата 7-класстар арасында өткөрүлгөн “Акыл таймаш” интеллектуалдык конкурсунун жыйынтыгы
Таймашка ар бир класстан 7ден окуучу катышышты
Таймаш 5 бөлүктөн туруп, ар бир категория өзүнчө бааланды. Алгач ар бир тайпа саламдашып, тайпанын аталышы боюнча тааныштырышып, эмблемаларын коргошту. 7-а класс “Келечек”, 7-б класс “Көк бөрү”, 7-в класс “Кыргызстан”, 7-г класс “Булут” тайпасы. Экинчи, “Логикалык ой-жүгүртүү” бөлүмүндө ар бир тайпага 3төн суроо, ар бир суроого 1 упайдан берилди. Үчүнчү, “Билимиңди сынап көр” бөлүмүндө тарых, кыргыз тили жана адабият предметтери боюнча ар бир тайпага 4 суроо берилип, ар бир суроого 1ден упай берилди. Төртүнчү, “Сыр сандык” бөлүмүндө окуучулар сандыктан бирден кагаз тандап алышты. Ар бир тайпа берилген текст аркылуу Ч.Айтматовдун чыгармаларын табышты. Бешинчи, Музыкалык номер боюнча ар бир тайпа даярдап келген обондуу ыр, бий, дастан айтуу өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында 1-орун 7-в, 2-орун 7-б, 3-орун 7-а, жигердүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышты. Иш-чара өз максатына жетти.
Иш-чараны өткөргөн: кыргыз тили мугалим Самакова Назгүл Кубанычбековна
Комментарии