Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата 6-класстар арасында өткөрүлгөн “Акыл таймаш” интеллектуалдык конкурсу
Таймашка ар бир класстан 7ден окуучу катышышты. .
Таймаш 5 бөлүктөн туруп, ар бир категория өзүнчө бааланды. Алгач ар бир тайпа саламдашып, тайпанын аталышы боюнча тааныштырышып, эмблемаларын коргошту. Экинчи, “Логикалык ой-жүгүртүү” бөлүмүндө ар бир тайпага 2ден суроо, ар бир суроого 1 упайдан берилди. Үчүнчү, “Билимиңди сынап көр” бөлүмүндө тарых, биология, кыргыз тили жана адабият предметтери боюнча ар бир тайпага 4 суроо берилип, ар бир суроого 1ден упай берилди. Төртүнчү, “Сыр сандык” бөлүмүндө окуучулар сандыктан бирден кагаз тандап алышты. 6-а класс “Биримдик” тайпасы “Калемгер” аттуу категориядан сөздөр жазылган кагазга аңгеме жазуу тапшырмасын алышты, 6-б класс “Ынтымак” тайпасы “Кайсы чыгарма?” рубрикасынан Ч.Айтматовдун чыгармаларын сүрөт аркылуу табышты, 6-в класс “Ак шумкар” тайпасы “Бай айт” категориясынан жаңылмач окуп, айтып беришти, 6-г класс “Ак куулар” тайпасы “Бул ким? Ал эмне? Качан?” категориясынан сүрөттөр аркылуу белгилүү инсанды, улуттук тамактын аталышын жана апта күнүн табышты. Бешинчи, Музыкалык номер боюнча ар бир тайпа даярдап келген обондуу ыр, бий, дастан айтуу өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында 1-орун 6-в, 2-орун 6-а, 3-орун 6-г, 6-б жигердүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышты. Иш-чара өз максатына жетти.
Иш-чараны өткөргөн: кыргыз тили мугалим Пазылова Айдана Рустамбековна.
Комментарии