2023-жылдын 6-декабрында “Манас” эпосу-кыргыз рухунун туу чокусу” аталышындагы 8-класстардын окуучулары үчүн интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Таймашка ар бир класстан 7ден окуучу катышышты.
Таймаш 5 бөлүктөн туруп, ар бир категория өзүнчө бааланды. Алгач ар бир тайпа саламдашып, тайпанын аталышы боюнча тааныштырышып, эмблемаларын коргошту. 8-а класс “Айкөл”, 8-б класс “Ынтымак”, 8-в класс “Аккула”, 8-г класс “Сейтек” тайпасы. Экинчи, “Манас”эпосу” бөлүмүндө ар бир тайпага 10ден суроо, ар бир суроого 1 упайдан берилди. Үчүнчү, “Семетей”эпосу” бөлүмүндө эпостогу негизги окуялар, тарых, , кыргыз тили жана адабият предметтери боюнча ар бир тайпага 9 суроо берилип, ар бир суроого 1ден упай берилди. Төртүнчү, “Сейтек”эпосу бөлүмүндө окуучулар эпостогу оң, терс каармандар, аялдардын аттары жана башка суроолорго жооп беришти. 5-тапшырмада тайпалар белгилүү адамдардын сөздөрүн таап, аташты.
Ошондой эле “сөз берметтерин” чечмелеп, табышмактуу ырларды улап, макалдарды улантып, жаныбарлардын балдарынын аттарын таап, музыкалык аспаптарды атап,”Манас” эпосундагы тулпарларды атап беришти.
Кийинки бөлүктө балдар”Манас” эпосунун экинчи өмүрү“ деген темада презентация көрүштү. 8-б классынын окуучулары “Манас” эпосунан үзүндү аткарып беришти. Негизинен конкурс атаандаштыктын негизинде, кызыктуу болду.
Жыйынтыгында, 8-б класс “Айкөл” 66,5 упай, 8-а класс “Ынтымак” 63 упай, 8-в класс “Аккула” 61,5 упай, 8-г класс “Сейтек ” тайпасы 59 упайга ээ болушту. 1-орун 8-б, 2-орун 8-а, 3-орун 8-в, 8-б жигердүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышты. Таймашты кыргыз тили жана адабияты мугалими Бегматова Лира Акылбековна даярдады.
Комментарии