2023-жылдын 12-декабрында Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата 9-класстар арасында өткөрүлгөн “Айтматов ааламы” деген изилдөө долбоор кароо-сынагы болуп өттү.
Сынакка ар бир класстан 3 төн окуучу катышты.
Изилдөө долбоору төмөндөгүдөй 5 бөлүктөн турду:
- Көркөм бийиктиктердин прозасы – 9 а класс;
- Айтматов ааламы кинодо – 9 г класс;
- Чыӊгыз Айтматовдун он эки керемети – 9 д класс;
- Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме-уюмдар, окуу жана илимий жайлар – 9 в класс;
- Айтматов ааламы сүрөттө, ырда, бийде – 9 б класс.
Изилдөө долбоор кароо-сынагы төмөндөгүдөй критерийлер менен бааланды:
- Конкурстун катышуучулары 3 окуучудан ашпаш керек;
- Маалыматтардын туура жазылышы жана презентациянын жасалгасы;
- Берилген темалар менен мазмундун дал келиши.
Ар бир класс бөлүнгөн темалар боюнча слайд жасап, презентацияны жакташты.
- “Көркөм бийиктиктердин прозасы” деген презентацияда окуучулар чыгармалары боюнча изилдөө жүргүзүп, кайсы жылы, кайсы чыгармасы басмадан чыккандыгы жөнүндө маалымат беришти.
- “Айтматов ааламы кинодо” деген презентацияда окуучулар бир нече тасмаларын алып, режиссеру ким, сценарийин ким жазган, кайсы актерлор ойногонун жана тасмалардын жаӊы тартылган версиялары жөнүндө маалыматтар менен тааныштырды.
- “Чыӊгыз Айтматовдун он эки керемети” деген презентация башкачараак форматта болуп, залкардын чыгармаларынын кайталангыс өзгөчөлүктөрүн, кыргыздын жан дүйнөсүн ачкан улутчул сүрөтчү экендигин, анын айкөлдүгүн ачып берүү боюнча изилдөө жүргүзүштү жана жыйынтыкташты.
- Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме уюмдар, окуу жана илимий жайлар жөнүндө да так, толук маалыматтар менен презентация жакташты.
- “Айтматов ааламы сүрөттө, ырда, бийде” деген презентацияда окуучалар жазуучунун чыгармалары ыр, бий сыяктуу түрдүү өнөрлөргө дем бергендигин белгилеп, мисал менен далилдеп беришти.
Калыстар тобу тарабынан критерийлер боюнча кетирилген кемчиликтерге эскертүү берилди.
Жыйынтыгында:
I орун 9 д, б класстары, II орун 9 в классы, III орун 9 а, г класстары татыктуу болуп, грамоталар менен сыйланышты. Иш-чара өз максатына жетти.
Долбоорду даярдаган: кыргыз тили жана адабияты мугалими Искакова Дамира Дооронбековна
Комментарии