2023-жылдын 1-декабрында “Манас” эпосунун күнүнө карата 10-класстар арасында “Манас” эпосундагы каада-салттар” изилдөө долбоору сынагы өттү.
Долбоорго ар бир класстан 6дан окуучу катышышты.
“Манас” эпосундагы каада-салттар” изилдөө долбоору 5 теманы камтыган:
- “Манас” эпосундагы кыргыз элинин тамак-аштары
- “Манас” эпосундагы улуттук кийимдер
- “Манас” эпосундагы улуттук оюндар
- “Манас” эпосундагы каада-салттар, үрп-адаттар
- “Манас” эпосундагы тулпарлар
Алгач ар бир тайпа саламдашып, тайпанын аталышы жакташты. Окуучулар изилдөө долбооруна жоопкерчиликтүү мамиле менен даярданганы көрүнүп турат. Ар бир тема эпостон үзүндүлөрдөн мисал келтирилип, слайддар жасалып, жакташты.
Жыйынтыгында 10-б класстын «Аккула» тобу 1-орун, 10-а классынын “Аруу кыздар”, 10-в классынын “Манас урпактары” 3-орунга ээ болушту. Жигердүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышты. Долбоорду уюштурган: кыргыз тили жана адабияты мугалими Мажитова Дамира Акимовна.
Комментарии